У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Быйыл окуу жылы канчасында аяктаары айтылды


Окуу жылы жыл сайын 25-майда аяктап келсе, быйыл  30-майда аяктаарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга жалпы билим берүү мекемелеринин март айында каникулга эрте чыккандыгы, май айындагы майрамдарга байланыштуу окубай калгандыгы себеп болууда. 

"Ошондой эле 5-6-7-8- жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. 9-11-класстардагы бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациядан өтүү форматы жылдагыдан өзгөчөлөнүп, жылда өтүүчү мамлекеттик экзамендер өтпөйт жана  баалар алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен коюлат, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жалпы республикалык тестирлөө 20-25-июнда мурдагыдай эле форматта өтөт. Азыркы тапта каттоо жүрүп жатканын министрликтен кошумчалашты.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter