У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурболот Үсөнбаев: "Коронавирустун экинчи толкунуна даяр болуу үчүн ден соолукту чыңдаңыздар"


Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда коронавирустун экинчи толкуну боюнча пикирин айтып, элге кайрылуу жасады.

"Күзүндө жана кышында бизде сасык тумоо сезону башталат. Бул жылы сасык тумоого каршы эмдөөнү өз убагында жасоого аракет кылып жатабыз. Мен элди эмдөөнү колдоого чакырып кетет элем. Анткени сасык тумоо өтүшүп кетсе, коронавирус сыяктуу өпкөнү жабыркатат. Бул ден соолукка зыян", — деди Үсөнбаев.

Ал элди жайында ден соолукту чыңдап, айрыкча балдарды күнгө күйгүзүп, таза абага көбүрөөк алып чыгууга чакырды.

"Ден соолугуӊарга көӊүл буруп, оорулар өтүшүп кетпеш үчүн иммунитети жайында чыңдагыла. Өзгөчө өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарга диспансердик иштерди жүргүзүү керек. Бардык ооруларды кийинкиге калтырбай, убагында дарылаӊыздар", — деди Үсөнбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter