У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көп мамлекеттерде карантин жеңилдегенден кийин вирус күчөй баштаганы айтылууда


Дүйнө боюнча жугуштуу илдетке кабылгандардын саны төрт миллиондон ашты. Айрым мамлекеттердин карантин чектөөлөрүн жеңилдеткени вирустун жайылышына түрткү болду деп боолгошууда эксперттер. 

Вирустун очого болгон Кытайдын Ухань шаарында кайрадан вирус чыга баштаганын дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты. 

Түштүк Кореяда вируска кабылгандардын саны кайрадан өсүп жаткандыктан, бийлик ресторандарды кайрадан жапты. Буга вирусту жуктурганын билип туруп Сеулдун бир нече ресторанына барган жарандын жоругу себеп болду. Өлкөдө вирустун жаңы учурлары каттала баштаганынан улам президент Мун Чжэ Ин вирустун жайылышынын экинчи толкуну боюнча эскертүү берди.

Германияда болсо вируска кабылгандардын саны өсүп жатат. Өлкө өткөн шаршемби күнү чектөөлөрдү жеңилдеткен эле. Германияда 667 жаңы учур катталды. Парламент депутаты, вирусолог Карл Лаутербах көчөгө агылып чыккан тургундарды көрүп, вирус кайрадан жайылат деген пикирин айтты.

Нью-Йоркто болсо деми кыстыгып үч бала көз жумду. Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо вирус мутацияланды деген пикирин айтып, ал жаш балдарга дагы коркунучтуу экенин белгиледи. Мурда жаштар вирустун жеңил түрүнө кабылганы кабарланган.
Куомонун айтымында, өткөн жумада 85 жаш бала вируска кабылып, ооруканага жаткырылган. Каза тапкан үч бала коронавируска кабылганы тастыкталган.

Мына ушундай мисалдардан улам эксперттер коронавирустун экинчи толкуну болуп кетиши мүмкүн экендигин эскертип, андыктан жалпы дүйнө элин чектөөлөр жеңилдетилди деп желпилдеп көчөгө чуркаганды токтотуп, мерчемдүү гана себептер болбосо көп баспай, басса да санитардык эрежелерди сактоого чакырууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter