У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлнур Асанова, ырчы: «Кеткилечи депутаттар! Эшектин бир нерсесин түйө албайт экенсиӊер…»



Ырчылар да агынан жарыла баштады. Жогорку Кеӊештин депутаттарынын көтөрүп жаткан маселелерине ичи чыкпаган ырчы Гүлнур Асанова социалдык баракчасына депутаттарды сынга алган пикирин жазды. Ырчынын пикири өзгөртүүсүз берилет.
 
-Мен ушул депутаттардын киргизип жаткан сунушун, көтөрүп жаткан маселелерин канчалык аракет кылсам да тушүнө албай жатам! Айланынайын жепжутаттар ой депутаттар эмнеге курч маселелелерди көрбөйсүңөр? Чек ара, кумтөр, бажы жана башка кыларга ишиӊер жок болсо, жок дегенде жөн эле креслоӊорго отуруп кеткилечи! Кыргызстандын атын силерге караганда спортсмендер, өнөр адамдары өз каражаттарын коротуп, намыска бек туруп, желегибизди желбиретип, мекенди таанытып келет! Анан араңдан бөлүнүп берген квартирага ичиңер өтүп, парламентке көтөрүп чыкканыӊар акылга сыйбаган нерсе! Мамлекет жасаган эмгеги үчүн болдубу квартира, болду ал киши дүйнө салса балдары жашап калсын! Көзү тирүүсүндө талашып баштаганыӊар акылга сыйбайт! Уят эле! Кеткилечи депутаттар! Эшектин бир нерсесин түйө албайт экенсиӊер же чече албайт экенсинер! Тфу! Силерге казынадан айлык болгон да жалко экен! Татыктуу эмес экенсиңер! Элдин кызыкчылыгын ойлобогон, өзүңөрдүн бизнесиӊерди коргоо үчүн барат десе ишенгим келбечү…. Сабатсыз, билимсиздер чогулуп, болбогон нерсеге «ЧАКУРУК» жасайсыӊар! Мен силер үчүн уялдым бүгүндөн баштап! Ошол үчүн мелдештерге башка мамлекеттин атынан чыгып жаткандарды эми түшүнүп жатам! Качан оңолобуз? Жок дегенде балдарым көрүп калаар бекен жаркын келечекти!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter