У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Кытай коронавирустан зыян тарткан бардык мамлекеттерге 2 миллард доллардан төлөйт" деген маалымат тарады


"Кытай мамлекети коронавирустун очогу болгондугуна байланыштуу аталган вирустан зыян тарткан өлкөлөргө акча бөлүп берет" деген маалымат тарады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Анда ар бир мамлекетке 2 миллиард доллардан бериле турчу каражат жакынкы 2 жыл аралыгында бөлүнүп, коронавирус менен күрөшүүгө жана социалдык, экономикалык абалды өнүктүрүүгө жумшалышы керектиги айтылат.

"Мындан тышкары Кытай Бириккен улуттар уюму менен биргеликте гуманитардык кампа түзүп, коргонуучу жана эпидемияга каршы колдонулуучу каражаттар менен башка өлкөлөрдү туруктуу камсыз кылмакчы. Кытайда иштелип жаткан коронавируска каршы вакцина сатыкка чыккандан кийин дүйнөнүн бардык аймактарына жеткиликтүү болот", - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter