У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖАМКнын министрликке берген таасири: Бир туруп вирус бар, бир туруп вирус жок деген маалымат беришүүдө...Кимге ишенебиз?


Элдин башы айланып бүттү...Расмий деп берилип жаткан маалыматтардын да кайсынысы чын, кайсынысы төгүн экенин билүү кыйын. Республикалык штаб коронавируска байланыштуу маалматтарды так-даана айтуудан баш тартып, оору жугузгандардын аты-жөнүн, дарегин ачык айтуудан тайсалдап келишет.

Кээде өздөрү айткан маалматка өздөрү каршы чыккан учурлар да кездешүүдө. Буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрт кызматкеринен COVID-19 аныкталгандыгын айтып чыгып, эртеси ал маалыматты төгүндөгөнүн мисал кылууга болот. 

Министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде 16-май күнү "Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрт кызматкери коронавирус жуктурган. Төртөө менен байланышта болгондордун баарын табуу иштери жүргүзүлүп жатат. ЖАМКтагы абал адистердин көзөмөлүнө алынды", — деген. 

Ал эми 18-майда кайрадан брифинг учурунда аталган жайдын төрт кызматкери коронавирус жуктурган деген маалыматты жокко чыгарды. 

"Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ЖАМКтын төрт кызматкери жатат. Алардын бирине пневмония диагнозу коюлса, калгандары коронавируска шектелип дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар өздөрүн жаман сезип жатабыз деп даттанышкан жок. Азыр кызматкерлерде коронавирус аныкталды деп айтуу эрте, анткени жакында ПЦР-тестти кайрадан тапшырышат. Бүгүнкү күндө кызматкерлердин жана камактагылардын арасында коронавирус инфекциясы катталган жок", — деп айтылат маалыматта.

ЖАМК буга чейин дагы абакта жаткандарда жана кызматкерлер арасында вирус аныкталганы тууралуу маалыматты төгүндөгөн болчу. 

Ошондо кимге ишенүүгө болот? Бир туруп бар, бир туруп жок дей бергендей, жашыргыдай бул вирус оюнчук беле? "Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт" деген кеп бар...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter