У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Асел Кадырбекова: «Үлгүлүү үй-бүлөнүн элесин көрсөткүм келбейт»



«Идеялдуу үй-бүлө жок. Баарынын башынан кыйынчылыктар өтөт, мамиледе түшүнбөстүктөр болот. Эӊ башкысы сыноодон өтүү, мындай сындоодон биз да четте калган жокпуз. Үлгүлүү үй-бүлөнүн элесин көрсөткүм келбейт. Жок! Биз дагы жашоодо көйгөйлөрү бар жөнөкөй үй-бүлөбүз. Эми баарыбызда сезим, эмоция бар… 

Кыйын учурда колдоо көрсөткөн ата-энелерибизге, досторубузга, жакындарыбызга жана күнү-түнү биздин жашообузга көз салып турган социалдык баракчаларыбыздагы катталуучуларыбызга рахмат. Ал эми биздин кырдаалды колдонуп, катталуучуларынын санын көбөйтүүнү же атын чыгарууну каалагандарга Аллах күбө...

Биз бул сыноодон өттүк. Мындан ары баары жакшы болот деп үмүттөнөм. 

Биз тогуз жыл биргебиз, анын ичинде 7 жыл кыз-жигит болсок, 2 жылдан бери үй-бүлөбүз»,-деп жазды инстаграмдагы баракчасына ырчы Асел Кадырбекова. 





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter