Митингге чыккан Ача-Кайыңдылыктар: "Коронавирус эмнегедир биздин айылдан эле чыгып жатат"
- 09.05.2020, 17:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 9-майда, Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылынын тургундары коронавируска байланыштуу нааразычылык акциясын уюштурушту. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылга коюлган блокпосттор чарба иштерин бүтүрүүгө тоскоолдук жаратууда.
⠀
"
Айылдагылардын нааразы болгону — коронавирус эмнегедир биздин айылдан эле чыгып жатат. Коронавирус табылган адам менен байланышта болгон-болбогондун баарынан анализ алып, ооруканага жаткырышууда. Блокпосттор да алынбай айыл чарба иштерине тоскоолдук жаратууда", — деди атын атоодон баш тарткан айыл тургуну.
Элдин нааразы болгонун, жыйналыш өткөнүн Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров тастыктап, нааразы болгон тургундар менен жолукканын билдирди.