У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго


– Исхак Айтибаевич, президент Сооронбай Жээнбековдун корруп­цияга каршы күрөшүү саясатын кол­дойсузбу? Колдосоңуз, мен эмнеге ка­малбайм деп таң каласызбы же мага качан кезек жетет деп ийнеге отур­гандай көчүгүңүз бүлкүлдөп араң жү­рөсүзбү? Деги эле бийликтин корруп­цияга каршы күрөшүн кандай баа­лайсыз? «Кыргызнефтигазды» Мак­сим Бакиев экөөңөр жасалма банкрот кылып менчиктештирип алууга бол­гон максатыңар ишке ашпай калган­га өкүнөсүзбү?

Аида Салянова баш­кы прокурор кезинде 258 миллион сомго мамлекетти сызга отургузган деген негизде сизге кылмыш ишин козгоду эле. Сиз ошол кезде манда­тыңызга калкаланып, капканга түш­пөй булт бергенсиз. Эми ошол ишти кыскартып алганыңыз чынбы? Чын болсо кандай амал, айла менен кыс­карттырдыңыз? Пара бердиңизби? Азыр мурунку көз жаздымда калган иштер кайра жанданып жатат. Мый­замдын укуругу узун эмеспи, кылтак­ка илинип калбайсызбы?

Деги эле коррупцияга шектүү адамдын Жогор­ку Кеңештин эң маанилүү болгон Эл аралык комитетин башкарып отур­ганга моралдык укугу барбы? Элдин ырыскысын жеген шылуундарга кан­дай жаза берсе жарашат деп эсептей­сиз? Коррупционерлерди көргөндө жийиркенесизби? Ал түгүл кускуңуз келеби? Сизге президент айткан 35 коррупционердин тизмесинин ара­сында мен дагы болушум мүмкүнбү деген ой келеби? Акыйкаттык акы­ры орной турганына ишенесизби? Ишенсеңиз, абак көз алдыңызга тар­тылабы?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter