Ашхабадда Түркмөнстандын президентинин уулунун үйлөнүү тою өттү
- 01.03.2023, 13:37,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ашхабадда 26-февралда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун уулу Керимгулы Бердымухамедовдун үйлөнүү үлпөт тою Аркадаг мейманканасында өткөнүн «Хроника Туркменистана» басылмасы жазды.
Тойго байланыштуу Түркмөнбашы, Гарашсызлык, Битараплык жана Арчабил проспектилери тосулган. Полиция кызматкерлери шаарда, ошондой эле Чоганлыга баруучу чоң жолдун боюнда кызмат өтөшкөн.
Түркмөн элинин салты боюнча Керимгулунун ата-энеси жана чоң энеси Огулгерек Бердымухамедова кызды алып кетүү үчүн барышкан. Кызга жоолук салып, зер буюмдарын белекке беришкен. Херрикгала айылына күйөө бала тарап келгенге чейин келиндин үй-бүлөсү кошуналарын кечке чейин үйлөрүнөн чыгып кетүүсүн суранышкан.
Келинди Чоганлыдан алып келип, үй-бүлөсүнө жаңы коттедж алып беришкен. Окуяга күбө болгондор кортеждеги 10 унааны санашкан.
Керимгулы Бердымухамедов атасы жана чоң атасы менен бирге мамлекеттик телеканалдардын жаңылыктарында көп көрсөтүлөт. Ал Гурбангулы Бердымухамедов менен бирге ыр жана музыка жазганы менен белгилүү. Ошондой эле алар көбүнчө спорт менен машыгып, чогуу эс алышат.