У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын президенттигине талапкер болуп көрсөтүлдү


Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Хроника Туркменистана” жазып чыкты.
 
Өлкөнүн азыркы башчысынын уулун Түркмөнстандын Демократиялык партиясынын мүчөлөрү бир күн мурун кезексиз IX съездде президенттикке талапкер кылып көрсөтүшкөн. Съездде чыгып сүйлөгөндөр Сердар Бердымухамедовдун лидерлик жана уюштуруучулук сапаттарын белгилешти. Саясий уюмдун мүчөлөрү талапкер Межлис комитетинде, тышкы иштер министринин орун басары, Өнөр жай министри, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана вице-премьер-министрлик кызматтарда иштеп жүрүп бай башкаруучулук тажрыйбага ээ болгон деп эсептешет. 
 
Экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулун көрсөтүү сунушу бир добуштан кабыл алынды.
 
Башка талапкерлердин аты-жөнү азырынча айтыла элек.
 
Түркмөнстандын президенти болуп 40 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, өлкөдө 15 жылдан бери туруктуу жашаган жана иштеген жараны президент болуп шайлана алат. Президент жети жылга шайланат.
 
Эске салсак, 11-февралда Элдик Маслахатиянын кезексиз жыйынында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов башкарууну “жаш лидерлерге” өткөрүп берүүнү кааларын билдирген, башкача айтканда, ал иш жүзүндө мамлекет башчылыгынан кеткенин жарыялаган.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter