Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган штаммдары жок
- 29.03.2021, 11:13,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда мутацияланган коронавирустук штаммдар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабынын башталышы жөнүндө брифингде билдирди.
Анын айтымында, анализ үчүн үлгүлөр чет өлкөгө жөнөтүлөт.
«Азырынча мутацияланган штамм аныкталган жок», - деди ал.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Өлкө 150 миң доза кытайлык Синофарм вакцинасын алган.