У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытайдан келген вакцина менен эмдөөдөн өтүүдөн көп дарыгерлер баш тартышууда

  
 Кытайдан келген «Синофарм» вакцинасы менен коронвируска каршы эмдөөдөн өтүүдөн баш тарткан дарыгерлер көп болууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, эпидемиолог-иммунолог Бурул Асыкбекова “Азаттык” радиосуна билдирди.
 
“Улуттук пландын негизинде вакцинаны ким аларын такташыбыз керек. Ооруп айыккан медкызматкерлердин арасында вакцинадан баш тарткандар көп болду. Азыр Интернет булактарында көп маалыматтар чыгып жатат. Аны бардыгы эле окуп жатышат. Көпчүлүк Орусиянын вакцинасын алабыз деп жатышат”, - деди Асыкбекова.
 
Эске салсак, Кыргызстанда 29-марттан тартып коронавируска каршы жапырт эмдөө башталат.  Эмдөө Кытайдан келген «Синофарм» вакцинасы менен жүргүзүлөт. 19-мартта Кытайдан Кыргызстанга 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter