Бул жерде жашагандан корком. Баткен облусундагы өспүрүм Садыр Жапаровго кайрылды- видео
- 24.03.2021, 15:12,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен районунун Көк-Таш айылында жашаган өспүрүм президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал видео кайрылуусунда өткөн жылы чек арада чыр чыкканда тажиктер үйүн өрттөп кеткенин жана ал жерде жашоо коркунучтуу болуп калганын айткан. Анткени анын үйү Тажикстан менен чектеш жерде жайгашкан. Ал өз кайрылуусунда мамлекет башчысынан чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнөт.