Токой чарбадагы коррупциянын бети ачылды…
- 15.01.2021, 13:19,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги курулуш компаниялардан системалуу түрдө пара алып турган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин “Чүй-Бишкек” аймактык башкармалыгы социалдык жана коммерциялык обьектилерди курган курулуш компаниялардан экологиялык экспертизанын тыянагы үчүн 500 доллардан 5000 долларга чейин пара алып турушкан.14-январда мамлекеттик агенттиктин ага инспектору акча алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.