У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто ай сайын 30 тез жардам унаасын чыгарган завод иштеп баштайт


Кечээ, 18-декабрда, вице-премьер Равшан Сабиров Ош шаарына барып, бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырган. Анда шаардагы жеке менчик ишкана ай сайын 30 тез жардам унаасын чыгарууну пландап жатканы белгилүү болду.

Заводдун директору Абдуманап Кудайбердиев азыркы тапта "Форд Транзит" үлгүсүндөгү унааны Тез жардам кызматына ылайыкташтырып чогултуп жатышканын билдирген.

"Күн сайын бирден машина жасалат. Бизге унаанын кузов менен шассиси гана чет жаткан келет, калган бөлүгүн өзүбүз чыгарабыз. Бул "В" классындагы автоунаа. Ага өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратын орнотуп туруп, реанимобиль деп атап койсо да болот. Бизге азыр буюртмалар келип түшө баштады. Мындан сырткары, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын чыгаруунүн үстүндө иштеп жатабыз. Үлгү катары Россиядан бир аппарат алып келинген. Аны менен катар көчмө рентген аппаратын өндүрүү планыбыз бар", — деди Кудайбердиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter