У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шүкүрова: «Кыргызстанда 5 оорукана вирус жуктуруп алган балдарды кабыл алууга даяр»

Балдардын арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Бул тууралуу Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова билдирди.
 
“Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан балдар арасында COVID-19 инфекциясын диагностикалык аныктоо жана дарылоо пандемия башталгандан бери ишке ашырылып келе жатат. Азыркы учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун 4-варианты бекитилген. Жогоруда аталган протоколго мына ушул сезгенүүнү аныктоо жана дарылоо боюнча атайын бөлүм киргизилип, жолдомо жазылган”, - деди Шүкүрова. 
 
Ошондой эле учурда Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:
1. Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (Бишкек)
2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек)
3. Ош облустар аралык балдар ооруканасы (Ош)
4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу)
5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек)
 
Мындан сырткары, аймактык ооруканаларда балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалган. Жалпысынан, 2356 орундук бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter