Мурадил реаниматолог: «Биз өз согушубузду жеӊдик»
- 03.08.2020, 11:51,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
3-июлдан тартып «Семетей» госпиталында илдет менен күрөшүп, ажалга арачы болуп, жашагысы келген, «сактап кал» деп жардам үмүт эткен адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн от кечип, оорунун очогу болгон кызыл зонада иштеп, бир айга жакын убакыттын ичинде жүздөгөн өмүрдү сактап калууга салым кошкон реаниматолог Мурадил өзү менен бирге иштеген кесиптештерине, Гансидеги реанимациялык бөлүмдү жетектеген Жамиля Амановага жана кенже медкызматкерлерге, деги эле оор учурда эл деп өз ден соолугун тобокелдикке салган медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
«Биз баарыбыз азаматбыз, өз согушубузду жеӊдик. Көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүүдө эбегейсиз салым кошкон кесиптештериме: реаниматолог Жамиля Амановнага, Башкы дарыгер Кутман байкебизге, Нурзат Болотбековнага, Астра эжеге, деги эле оорунун очогунда жүргөн өмүр сакчыларына ыраазычылык билдирем.
Биз баарыбыз биргеликте, бир чоӊ команда, керек болсо бир тууган болуп бул апаат менен күрөштүк. Биздин биримдик, ынтымак, эне-баладай бири-бирибизге күйгөн камкордук мамилебиз вирусту жеӊүүгө, оору менен жалтанбай күрөшүүгө жол ачты. Гансидеги реанимациялык блокту жетектеп турган Жамиля Амановнанын кеӊеши, жылуу сөздөрү, колдоосу бизге дем-күч берип турду. Элдин саламаттыгы дегенде ичкен ашын жерге койгон, көйгөй жаралса көз ачып-жумганча чечим кабыл алып, аны чечүүнүн жолун таба билген Нурзат, жоктон бар кылган Астара эжелерибизге баа бердим. Азаматтар экен.
Эч нерсеге жетишпей кыйналып турган мезгилде жардамга кол сунган Самат, Анара, Дария, Алтынай, Айпери сыяктуу мыкты дарыгерлерибиз оор кырдаалдан чыгып кетүүгө, канча деген бейтаптардын ооруну жеӊишине себепчи болду. Медайымдар, кенже медкызматкерлер тоодой эмгек кылышты. Алардын эмгектерин айта берсеӊ сөз бүтпөйт. Баары мактоого татыктуу!
Ушундай оор кырдаалда жеке керт башын эмес, элдин ден соолугун, ажал менен арбашкан бейтаптардын өмүрүн биринчи орунга койгон медкызматкерлери бар Кыргызстанымдын келечеги бар деп ишенем. Баарыӊыздарга рахмат.
Бактылуу болуӊуздар, жакшылыкта гана жүз көрүшөлү. Баарыӊыздар мага бир туугансыздар. Сиздерди урматтап Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун реаниматологу Мурадил»