Коронавирустан канча жаштагылар көп каза болууда
- 20.07.2020, 18:23,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирустан каза болгондордун 35 пайызын 60-69 жаш курагындагылар түзүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 20-июлдагы брифинг учурунда билдирди.
Коронавирустан каза болгондорду пайыз менен эсептегенде:
25-39 жаштагылар — 5 пайыз;
40-49 жаштагылар — 8 пайыз;
50-59 жаштагылар — 26 пайыз;
60-69 жаштагылар — 35 пайыз;
70 жаштан жогору курактагылар — 26 пайызды түзгөн.
"Бул жерде көрсөтүп тургандай жашы өтүп калгандар тобокелчилик тобуна кирип жатышат. Андыктан аларды жакшылап караш керек. Коронавирус өнөкөт ооруларды козгоп, курчутуп жибериши мүмкүн. Бизде улайып калгандардын көбүндө өнөкөт оорулары бар. Айрым адамдар өнөкөт ооруларынан каза болуп жатат. Каза болгондордун баары эле коронавирустан кайтыш болгон жок. Окумуштуулар коронавирустан каза болгондорго анализ жүргүзгөндө 25-30 пайызы өз оорусунан каза болгону аныкталган. Ошондуктан коронавирустан эл кырылып калат экен деп чочулоого негиз жок»,-деди Каратаев.