Бүгүн 50 медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 06.07.2020, 10:41,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир суткада Кыргызстанда 50 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Бишкек шаарында-23, Чүй облусунда — 4, Ош шаарында — 7, Ош облусунда— 4, Нарын облусунда — 6, Баткен облусунда — 1, Ыссык-Көл облусунда — 5 учур.
Акыркы бир суткада 3 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан COVID-19 илдетин 1147 медицина кызматкери жуктуруп алды, анын 503ү айыгып чыкты.