У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн коронавирустан 3 бейтап каза болду

 27-июнда коронавирус илдетинен 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди. 
 
«Тилекке каршы, вирус илдетинен дагы 3 жараныбыз каза тапты. Алардын бири Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан 1969-жылы-жылы туулган бейтап, экинчиси, Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө турган 1944-жылы туулган жараныбыз, үчүнчүсү Аксы аймактык ооруканасында дарыланып жаткан эркек киши. Маркум 1946-жылы туулган, Аксы районунун тургуну болчу»-деди Каратаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter