Салык кызматынын 10 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды
- 17.04.2023, 14:53,
- Экономика / Коом / Жаңылыктар
- 4
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ишкерлер менен сүйлөшүп алып, салыктын көлөмүн атайылап азайткан салык кызматынын кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, атайлап салыкты азайтып көрсөтүкөн. Натыйжада 100 миллиондон ашык салык казына түшпөй калган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору кармалган. Кармалгандарга тиешелүү айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
«Учурда бул кылмышты жасоого катышкан бардык адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка УКМК маалымат берет», - деп билдирди басма сөз кызматы.