У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энергетика министрлиги: Чүй облусуна атомдук электр станциясын куруу маселеси каралды


 Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу маселеси боюнча биргелешкен иштер жүрүп жатат. Россиянын адистери буга чейин республикага келип, курууга мүмкүн болгон аймакты изилдеп чыгышкан.
 
«Биз бир нече варианттарды карап чыктык. Чүй облусунда атомдук электр станциясын куруу маселеси каралды. Азыр бул маселе боюнча коомчулук менен бир катар иштер жүрүп жатат», - деди энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков.
 
Эске салсак, Кыргызстан “Росатом” менен атомдук электр станциясын куруу боюнча келишим түзгөн. Алгач ар биринин кубаттуулугу 50 мегаватт болгон эки станция куруу тууралуу сүйлөшүү жүргөн. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter