У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Росатом» Кыргызстанга атомдук электр станциясын курууну пландоодо


 “Росатом” менен Кыргызстан чакан атомдук электр станциясын курууда кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын байланыш бөлүмү билдирди.
 
Маалым болгондой, Дубайда өтүп жаткан “Экспо-2020” дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алдында Орусиянын аз кубаттуу өзөктүк технологияларынын бет ачары болгон. Ушул эле жерде “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлиги аз кубаттуу атомдук электр станцияларын куруу боюнча кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
 
Тараптар Кыргызстандагы РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Документте ошондой эле Кыргызстандын өзөктүк инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануунун түрдүү багыттары боюнча илимий-техникалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү каралган.
 
«Аз кубаттуу атомдук электр станцияларынын долбоорлорун ишке ашыруу «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат, ал келечекте дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн энергетикалык балансын олуттуу түрдө өзгөртөт жана алыскы аймактарды өнүктүрүүгө салым кошот. Кыргызстанда мындай станциянын курулушу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоосунун сапатына жана Борбордук Азиянын бүтүндөй регионунун илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө да таасирин тийгизет», — деди Алексей Лихачев, «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору.
 
КР Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев декарбонизациялоо жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү учурдун дүйнөлүк тенденциясы экенин, Кыргызстан андан четте калгысы келбей турганын белгиледи.
 
«Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен мындан аркы кызматташуу биздин өлкөнүн энергетикасын, экономикасын жана өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жаңы горизонтторду ачат деп ишенебиз», - деп жыйынтыктады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter