У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыз беш айдан кийин өз жанын кыйды


 Бишкекте жашы жете элек кыз зордукталгандан кийин 5 айдан кийин өз жанын кыйды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булагынан таянып жазып чыкты.
 
Маалым болгондой, 2021-жылдын ноябрь айында 13 жаштагы А.Ж.нын бир тууган агасы милицияга кайрылып, анын дайынсыз жоголгон карындашы таап берүүнү суранган. Үч күндөн кийин кыз табылган, анын зордукталганы белгилүү болгон.
 
«Өспүрүм табылганда ал 21 жаштагы жигит тарабынан зордукталганын айткан. Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жабырлануучуну Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. Ал жерде милиция кызды бир гана жолу суракка алып, кылмыш ишин козгогон, бирок шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. 
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын укук коргоо кызматкерлери сурак протоколунда кыз шектүү менен өз ара макулдашуу боюнча жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн. Эксперт ошондой эле өспүрүм 17-18 жаштай көрүнөт деген корутундусун берген.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөөчүлөр кызды суракка алуу протоколун жана экспертизанын жыйынтыгын жасалмалашкан»,-деп жазылат маалыматта. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter