У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров: Биз салыктарды көтөргөн жокпуз

 
Биз салыктарды жогорулата элекпиз, жаңы салыктарды киргизген жокпуз. Салык төлөө системасын жана маданиятын өзгөртүп жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирд.
 
Депутат Мирлан Самойкожо жаңы салык саясатына байланыштуу ишкерлер кыйынчылыктарга туш болуп, товарлардын баасы көтөрүлүп жатканын айтты.
 
«Биз салыктарды жогорулата элекпиз, жаңы салыктарды киргизген жокпуз. Салык төлөө системасын жана маданиятын өзгөртүп жатабыз. Муну Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан да жасаган. Конституциянын 50-беренесине ылайык, ар бир адам салык төлөшү керек. Биз аларга салык төлөгөндү үйрөтүшүбүз керек. Ошонун негизинде чек араны, күч түзүмдөрүн бекемдейбиз», - деп жооп берди Акылбек Жапаров.
 
Анын айтымында, электрондук эсеп-фактура киргизилгенден кийин өлкөнүн ички рыногундагы жүгүртүү 5 триллион 800 миллиард сом өлчөмүндө аныкталган.
 
«Учурда 65 миң ККМ аппараты орнотулду. Бул жерде биз 1 триллион 600 миллиард сомдук продукция сатылганын көрүп жатабыз. Биз көмүскө экономика жана контрабанда менен күрөшүп жатабыз», - деп кошумчалады ал.
 
Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети 8 миллион сомго чейин жүгүртүүсү бар ишканаларды кассалык аппарат орнотсо, салыктан бошотууну көздөп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter