У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Соцфонд: Бүгүнкү күндө пенсиянын орточо өлчөмү 8 миң сомду түзөт


2022-жылы президенттин жарлыгы менен пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, орточо эсеп менен 2000 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.
 
Анын айтымында, пенсиянын орточо өлчөмү бүгүнкү күндө 8 миң сом, мурда 6 миң сом болгон.
 
Учурда Жогорку Кеңеште “Айрым мыйзам актыларына (“Социалдык фонд жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолгон бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter