1-октябрдан тартып пенсияны орточо 2 миӊ сомго көтөрүү пландалууда…
- 10.08.2022, 13:49,
- Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Соцфонд 1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, пенсияны орточо 2 миң сомго көтөрүү каралууда. Буга чейин 1-июлга карата орточо пенсия 6 миң 174 сомду түзгөн болсо, 1-октябрдан кийин 8 миң 80 сомду түзөрү күтүлүүдө.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га жана базалык бөлүгү 3 мин 170 сомго чейин көтөрүлөрү айтылууда.
Пенсияны көтөрүү үчүн бюджеттен 1 млрд 341,3 млн сом керектелет.