У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Банктарда доллар тартыш. Жарандар долларын сомго алмаштырууда чыгымга учуроодо…


Банктарда доллар тартыш. Жарандар банктардагы доллар акчасын алалбай, аны сомго алмаштырып алууда чыгым тартып жатышканы коомдо нааразычылык жаратууда. Бул маселе Жогорку Кеӊеште дагы көтөрүлүп, Кыргызстанда банктар доллар бербей, ишкерлер сырттан которулган акчаcын ала албай, алса да 1-2 сомго чейин төмөнкү курстук айырма менен алып жатканы айтылды.
 
Ырасында, банктар чет элдик валюта менен которулган акчанын 50% доллар менен, калганын сом менен берип, айрым учурда такыр эле доллар жок деп бир гана сом менен берип жатышканы, ошондой эле, еврону долларга алмаштырам десе, аны сомго алмаштырып, сомду кайра долларга алмаштырып, эки конвертация жүргүзүп, ортодо жарандар чыгымга учурап жаткан фактылар арбын болуп жатат. 

Депутат Жанар Акаев бул тууралуу: "Банктар спекулянттар менен бирге иштеп жатышабы, билбейм. Доллар менен которулуп келген акчаны бүт банктар 78-79 сом менен берүүдө. Банктарда доллар жок азыр. Европада иштеп аткан мигранттарыбыз которгон акчаны туугандары доллар менен ала албай жатат. Сом менен, болгондо да төмөн курс менен берип атышат",-деп  чет элден которулган каражаттарды банктардан алууда кардарлар түйшүккө кабылып, чыгымга учурап жатканын айтып чыкты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter