У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеӊештин депутаттары “Жерүй” алтын кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты...


Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөлөрү “Жерүй” өндүрүшүнө барып, Талас алтын кенинин иши менен таанышты.

“Жерүй” өндүрүшү менен профилдик комитеттин төрагасы Азизбек Турсунбаев, анын орун басарлары Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов, Жеңишбек Токторбаевдер барышты. Аларды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилери жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп жүрүштү.

Делегация карьерди, калдык сактоочу жайды кыдырып, аффинаждык ишканадагы руданы кайра иштетүү технологиясы жана «Альянс Алтын» ишканасынын кызматкерлеринин жашоо шарты менен таанышты. Компаниянын адистери алтын кен комбинатынын иши жөнүндө кеңири айтып беришти. Ошондой эле экология жана «Альянс Алтын» ишканасынын салыктык чегерүүлөрү талкууланды.

Талас облусунун экс-губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев “Альянс Алтын” ишканасынын жетекчилигине облуста ишкерликти колдоого жана жаңы ишканаларды ачууга өзгөчө көңүл бурууга чакырып, элди жумуш менен камсыз кылууну сунуштады. Ошондой эле Көк-Ой айылындагы оорукананы медициналык жабдыктар менен камсыздоого жардам берүүнү өтүндү.
«Альянс Алтын» ишканасынын башкы директору Сабир Рахматов депутаттарга Талас облусунун экономикасын жана социалдык тармагын колдоо пландары тууралуу маалымат берди. «Бүгүнкү күндө биздин ишканада 1,2 миңден ашык адам иштейт. Жыл сайын кызматкерлерибиздин эмгек акысын 10%га көтөрөбүз», - деди ал. “Талас аймактык ооруканасына 11 млн сом өлчөмүндө медициналык буюмдар жана жабдуулар түрүндө жардам берилди. Ошондой эле Талас облустук ооруканасынын директору Нурдин Сарымсакович менен сентябрь айына чейин кошумча керектүү медициналык жабдууларды алып келүү боюнча иш алып баруудабыз”. — деп белгиледи С.Рахматов.

Бүгүнкү күндө ишкана 317 миллион сомго 487 социалдык программаны ишке ашырган. Жакында Талас облусунда «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен тигүү цехтери, бала бакча жана кант заводу ачылды. «Осмонкулов жана Бекмолдо айыл аймактарына кичи ГЭСтерди куруу пландалып жатат, ошондой эле күн электр станцияларынын долбоорлорун карап жатабыз. Бул абдан чоң долбоорлор, биз каржы институттары менен иштешип жатабыз. Кичи ГЭС эки жылдын ичинде ишке ашса, «Альянс Алтын» 100 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын сатып ала алат», - деди Сабир Рахматов.

Мындан тышкары, «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчилиги Талас облусунун экономикасына мультипликативдик таасир тийгизе турган масштабдуу стратегиялык социалдык-экономикалык долбоорлорду жарыялады.

«Альянс-Алтын» компаниясы курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү боюнча инженер-технологдорду тартуу менен курулуш материалы катары колдонуу үчүн өндүрүш калдыктарын  изилдөө боюнча иштерди жүргүзүлүүдө. Алардан дубал тургуза турган блоктор, бышкан кыштар, газобетон, ички жана тышкы жасалгалоо иштерине кургак курулуш аралашмаларын чыгарууга боло тургандыгын аныктоо үчүн лабораториялык анализдердин акыркы жыйынтыгы калды. 

Депутаттарга Жерүй кениндеги калдык сактоочу жайдагы өндүрүш калдыктарынан жасалган курулуш материалдарынын үлгүлөрү тапшырылды.

Жерүй кениндеги бардык иштер Кыргызстандын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга, анын ичинде экологиялык жана техникалык коопсуздукка ылайык жүргүзүлөт.

 «Жерүй кенинде иштегендердин 97% Кыргызстандын жарандары. Алардын 70% Талас облусунун тургундары. Бүгүн биз ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Туруктуу жана мыйзам чегинде иштеп жатат», - деп баса белгиледи Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин төрагасы Азизбек Турсунбаев.

17-июнга карата “Альянс Алтын” ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге жалпы суммасы 6,7 миллиард сом салык чегерүүлөрүн төлөдү. Анын 4,2 миллиард сому - алтынды сатуудан түшкөн каражаттан.

Жаркынай Кадыркулова


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter