Учурда дүйнө өзгөрүүдө. Өзгөчө Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуудан саясий-экономикалык баалуулуктардын орду алмашууда. Россияга салынган санкциялар, Европанын өзүнө да терс таасирин тийгизип, баалардын өсүшү, кымбатчылык байкалды. Россияда жана ага өнөктөш өлкөлөрдө доллардан баш тартуу маселеси көтөрүлдү.
Мына ушундай экономикалык эрежелер өзгөрүп, каржы системасындагы баалуулуктардын карым-катышы алмашып жатканда, Кыргызстан кымбатчылык, инфляциядан экономикасын кантип туруктуу кармап калат деген чоӊ кооптоону жаралды. Арийне, чочулоого негиз бар. Кыргызстандын экономикасынын 80%тен ашыгы Россиянын экономикасына тыгыз байланышкан. Рублдин кунунун түшүшү, ишсиз калган мигранттардын санын артышы менен өлкөнүн ички дүӊ өндүрүмүнүн 33% түзгөн эмгек мигранттардан которулчу каражат кескин кыскарат. Ошондой эле, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы, азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүшү Кыргызстандын экономикасына оӊбогондой эле сокку болот.
Демек, өлкөнүн экспорту менен импортунун ортосундагы нарктык (соода балансындагы оӊ-терс сальдону), чет өлкөдөгү төлөмдөр менен ал жактан түшкөн акчалай каражаттардын (өлкөнүн төлөм балансынын сальдосунун) айырмасын тыкыр анаилзге алып, өзүбүздүн ички инвестициялык ресурстарды кеӊири масштабда колодонуу менен алардын туруктуу иштешине колдоо көрсөтүү максатка ылайык чечим болоорун, дүйнөнү каптап келе жаткан кризистик кырдаал ачык-айкын көргөзүп турат. Андыктан өлкөбүздүн ички резервдик мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу пайдалануу аркылуу, эӊ ириде бюджетке ири өлчөмдө кирише киргизип жаткан тоо-кен өндүрүшүнө өзгөчө маани берүү зарыл.
Ырасын айтканда, азыркы тапта Кыргызстандын экономикасын алга сүйрөп, бюджетке чоӊ салым кошуп жаткан тармак тоок-кен өндүрүшү экени талашсыз чындык. Буга мисал катары «Жерүй» кенинин ачылып, иштеп баштагандан бери Кыргызстандын экономикасына кошуп жаткан салымын айтсак жетиштүү болот.
Алсак, расмий түрдө 2021-жылдын 17-мартында Талас облусунда "Жерүй" алтын комбинатынын салтанаттуу ачылышы болгон бир жыл аралыгында эле кенди иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы салыктык төлөм катары Республикалык жана жергиликтүү бюджетке 5 млрд сомдон ашык каражат которгон. Анын ичинен алтын сатуудан түшкөн киреше 2 млрд 644, 2 млн сомду түзгөн. Ал эми жергиликтүү бюджетке, тактап айтканда: Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50%) 136 144 132 сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна (30%) 81 686 479 сом, Бекмолдо айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна (20%) - 54 457 653 сом. жалпы 272 288 264 сом которулган. Мындан сырткары, "Альянс Алтын" компаниясы экологиялык нормаларга дагы дыкат көңүл буруп, ай сайын 795 миң сом атайын рекультивация боюнча фондго которуп турат. 2022-жылдын март айына карата маалыматта ылайык атайын фондко 33 млн 293 миң сом топтолгон.
Ал эми "Альянс Алтын" компаниясы «Жерүй» кенин ишетүүгө лицензия алган күндөн тартып 6 жыл аралыгында Кыргызстанга 400 миллион АКШ доллардан ашык ири өлчөмдө инвестиция салган. Башкача айтканда, "Альянс Алтын" ишканасы эбегейсиз иштерди аткаруу менен өлкөдөгү эң чоң инвесторлордун бири аталды.
Азыркыдай экономикалык катаал шартта «Альянс Алтын» сыяктуу инвестициялык потенциялы чоӊ компаниянын туруктуу иштеп турушу, мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө тирек боло алат. Дал ушул "Альянс Алтын» компаниясынын «Жерүй» кенин ачып иштетип башташы менен Талас облусу дотациядан чыгып, туруктуу өнүгүүгө багыт алган кирешелүү аймактардын катарынан орун алды. Буга далил катары келтирчү мисалдар арбын.
Бүгүнкү күнгө чейин «Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө туруктуу көмөк көрсөтүп, 750 млн сом инвестиция жумшаган. Анын ичинен 280 млн. сому Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө гранттык негизде жумшалса, 470 млн.сом жеңилдетилген кредиттер түрүндө банктар аркылуу айыл чарбасын жана ишкердикти өнүктүрүүгө бөлүнгөн. Аталган компаниянын алдында түзүлгөн “Бакубат Талас” фонду аркылуу Талас облусу боюнча бардык 37 айыл аймагына анын ичинен 67 айылга жарыктандыруу, таза суу, каналдарды оӊдоо ж.б ар тараптуу долбоорлор ишке ашкан.
Социалдык-экономикалык долбоорлорду аткарууда 441 долбоор жактырылып 268 934 211 сому ишке ашкан. Анын ичинен:
Билим берүү тармагында 92 долбоор 51 825 894 сом;
Саламаттыкыты сактоо тармагында 40 долбоор 38 402 167 сом;
Инфраструктураны өнүктүрүүдө 44 долбоор 40 855 455 сом;
Спрот тармагында 90 долбоор 26 676 452 сом;
Айыл чарбасы боюнча 27 долбоор 19 752 727 сом;
Таза суу боюнча 14 долбоор 7 530 391 сом;
Өндүрүш жана кайра иштетүүдө 6 долбоор 28 400 000 сом;
Социалдык колдоо 46 долбоор 16 415 420 сом;
Маданиятты өнүктүрүүдө 48 долбоор 15 296 320 сом;
Административдик жана укук коргоо органы 34 долбоор 23 779 385 сом.
Мына жакында эле "Альянс Алтын" компаниясынын колдоосу менен Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында Кант заводу ачылды. Аталган заводго "Альянс Алтын" компаниясынын алдында түзүлгөн "Бакубат Талас" фонду кайтарымдуу негизде пайызы жок 16 800 000 сом каражат бөлүп берген. Заводдо 100гө жакын жумушчу орун түзүлүп, күнүнө 50 тонна кант кызылчасын иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул заводдун ачылышы Талас облусунда айыл чарбасынын өнүгүшүнө да оӊ таасирин тийгизет. Буга чейин дыйкандар кант кызылчаларын Чүй облусундагы кант заводдоруна Маймак станциясы аркылуу жөнөтүп түйшүк тартып келишсе, быйылкы жылдан тарта андай көгөй болбойт. Завод дыйкандар менен келишим түзүп, түз ишетешет. Натыйжада быйыл кант кызылчасынын аянты кеӊейгени турат.
Арийне, «Альянс Алтын» ишканансынын ар тармактуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасында «Бакубат Талас» фонду тарабынан орто бизнестеги ишкерлерге 500 миңден 10 млн сомго чейинки кайтарымдуу пайызсыз каражат берилип, бул программа өзүнүн экономикалык эффективдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Облуста жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп, миграциянын деңгээли төмөндөп, аны менен бирге калктын жашоо шарты жакшырууда. Ишкерлерди, өндүрүштү колдогондо гана өлкө экономикасы өсөт, жумуш орундар түзүлөт, мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү көбөйөт. Бул багытта “Альянс Алтын” компаниясынын системалуу түрдө жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү алкышка татыйт.
Жаркынай Кадыркулова