Күргүштөгөн Нарын дарыясынын жээгинде, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан Нарын районунун Төш-Булак айылында элдин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенишет. Бул жылы жазында Төш-Булакта өзгөчө жаңылык болду. Айыл тургуну Үсөнкул Мамыров чычырканактын жана кара карагаттын өзгөчө сортун өстүрүп, айылдаштарын таң калтырууда. Ал муну менен климаттык шарты катаал аймакта жер-жемиш бышпайт деген стереотипти жоюп, Нарында мал-жан кармагандан башка да нерсе менен алектенсе боло турганын айтып, жергиликтүүлөрдү жаңы багытты өздөштүрүүгө үндөгүсү келет. Дыйкан алгач бул боюнча маалыматтарды топтоп, акыры Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан 4 миң көчөт сатып алып, аны Төш-Булак айылындагы таптакыр иштетилбеген, суу барбаган жерге тиккен.
Пенсионер бул жерге Нарын дарыясынан насос менен суу тартып келди. “Мына, ушинтип сууну чыгарып алдык. 3 сааттын ичинде 2 гектар жерди сугарып алабыз, болгону 15 литр бензин кетет. Аптасына 1 жолу сугарып турсак болот. Көчөттөр адегенде өспөй жатканда, өнбөй калды го деп, капа болуп тургам, бир айда бүчүр байлап, жалбырактары жашылданып калды”,- дейт ал сол-сол болуп суу чуркаган жерди кыдыра сүйлөп.
Үсөнкул Мамыров Чет-Нура айыл аймагына тиешелүү жайыт жерди ижарага алып, 2 миң түп кара карагат жана 2 миң түп чычырканак тикти. Ар бир көчөт 150 сомдон 250 сомго чейин бааланган. Ал үчүн дыйкан “Айыл Банк” ААКсынан 6 пайыз менен 1 млн сом насыя алган. “Жыл жаңырганда эле “Айыл банктын” электрондук кезегине тургам. Кудай жалгап, убагында каражат алып калдым. Анан ошол каражатка көчөттөрдү сатып алдым. Алар өсүп кетсе, элибизге да жумуш орундар түзүлөт деген ийги тилек бар. Бул чычырканак Алтай чычырканагы деп аталат экен, өзгөчөлүгү – жергиликтүү чычырканактай тикенектүү эмес, дандуу, витаминге бай. Чынында тобокелчиликке салып, иш баштадык. Бирок, ойлонуп көрсөм, мындан тоолуу өлкөлөргө да бул сыяктуу өсүмдүктөр өсүп жатпайбы. Биз жакта картошка да айдалбайт. Басымдуу калк мал чарбасы менен алектенишет. Эми бул жер жемишин берсе деп тилеп жатам. Келечекте бул талаага бүтүндөй алма бак тиксем деп кыялданып, ниет кылып да турам. Мен аракеттенип жатканымды көрүп, жаштар да аракет кыла башташар», -деди дыйкан. Пенсионер Нарынга жаңылык кылып алып келген көчөттөр чаңдашуусу жана жакшы өсүп кетиши үчүн баштапкы ишти туура аныктап алуу керек экенин айтат. Анан жакшылап кам көр.
Үсөнкул ага чычырканакты биринчи көлдүктөр алып келип, көлдөгү климатка ылайыктштырып өстүрүп алгандан кийин гана Нарынга алып келинген. Дыйкандын алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, карагат кеминде 3 миң кг түшүм бериши керек. Чычырканак деле ошондой түшүмдүү. Азыр көчөт тигилген жерде 5 адам жумуш менен камсыз болуп турат. Кара карагат келерки жылы түшүм бере баштаса, чычырканактын түшүмүн 3 жылдан кийин көрөт. Дандуу деп Алтайдан алынган чычырканактын бул түрү гектарына 3,5 млн сомду түзгөн киреше бериши мүмкүн. “Келечекте көчөттөрүм жемишин берсе, азыркы чыгымдын баарын жабат деп ойлойм. Эмгек кылбаса, эч нерсе жок. Эмгектене берели. Эр эмгегин жер жебейт”,- деди дыйкан чоң ишенич менен.