Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн эл аралык донорлордон 9,9 миллиард сом алууну пландоодо
- 02.04.2022, 11:39,
- Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2022-жылы Кыргызстан эл аралык донорлордон 9 миллиард 945 миллион сом (112,5 миллион доллар) алууну пландаштырууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын ичинде Дүйнөлүк банктан 663 миллион сом (7,5 миллион доллар), Азия өнүктүрүү банкынан 2 миллиард 210 миллион сом (25 миллион доллар) жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 7 миллиард 72 миллион сом (80 миллион доллар) алуу планы бар.
«2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында жалпысынан 47 млрд 481,5 млн сом өлчөмүндө карыздык каражаттарды тартуу каралууда», - деп билдирди Финансы министрлиги.