Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 8 жаштагы өспүрүмдү табышты
- 09.03.2022, 19:09,
- Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жашы жете элек өспүрүмдү табышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБнин ИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2014-жылы туулган А.Ч.ны аман-эсен табышкан.
Буга чейин Сокулук РИИБге 5-март күнү саат 14:00дөр чамасында Шопоков шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Ал үйүнүн жанында ойноп жүрүп жоголуп кеткен жашы жете элек уулун табууга жардам сурган.
Өспүрүм Жыламыш айылынан табылган.
Учурда бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.