Эсеп жабылды. Аруузаттын дарылануусуна 2,3 миллион доллар чогулду
- 04.03.2022, 16:59,
- Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Омуртканын булчуңдарынын атрофиясы (СМА) деген диагноз коюлган үч жаштагы кыргызстандык Аруузат дарыланууга керектүү 2,3 миллион доллар толугу менен чогулду. Бул тууралуу 3-мартта кыздын жакындары билдирди. Акча чогултуу бир жыл үч айга созулду.
«Бул масштабдуу акча чогултуу Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп өттү. Биз боорукер адамдардын аракети менен керектүү сумманы топтой алганыбызга кубанычтабыз! Бул чыныгы элдин жардамы болду!» - деп айтылат билдирүүдө.