Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иши жүрүп жатат
- 25.01.2022, 14:34,
- Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Учурда Кыргызстандын энергосистемасын калыбына келтирүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы энерго компаниялар Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесин пайдаланбай, электр кубатын берүүнү этап-этабы менен калыбына келтирүүнү баштады.
Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, жарык борбор азиялык шакекчедеги авариядан улам өчкөн.