У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Электр энергиянын баасы кошуна өлкөлөрдөгүдөй 5 сомдон 25 сомго чейин болгондо, сарамжал пайдаланбай жаткандар башкача мамиле кылышмак


 Электр энергиясынын баасы бизде арзан болгон болгондуктан айрым жарандарыбыз сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде билдирди.
 
«Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон 25 сомго чейин болгондо, башкача мамиле кылышмак! 
 
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бюджеттик мекемелер тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл Ошондой эле бул багытта калк арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз деп турабыз»,-деди ал.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter