Январь-апрель айларында бюджеттин киреше бөлүгү 77,2 пайызга араӊ аткарылып, 9,7 миллиард сом бюджетке түшпөй калды.
Мындай маалымат президент Сооронбай Жээнбеков 5-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев менен каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алганда маалым болду.
Анда учурдагы өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаал, социалдык-экономикалык абал талкууланган.
Асрандиевдин айтымында, алдын ала маалымат боюнча январь-апрель айларында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 77,2 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, пландагы 9,7 миллиард сом түшпөй калган.
Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева эл аралык өнөктөштөрдөн келген каржылык жардамдын, насыялардын жалпы суммасы 174,5 млн долларды түзгөнүн билдирди.
Мамлекет башчысы эл аралык каржы институттары жана донор-өлкөлөр менен тыгыз иштешип, арбын каражат тартууну тапшырды.
Эскерте кетсек, буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан чет жактан 456,4 миллион доллар алууга макулдашканы айтылган.