У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаев качан камалат?


Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген делип, коррупцияга байлаынштуу кылмыш иши козголуп, бирок эмнегедир камакка алынбай жүргөн Доскул Бекмурзаев Энергетика министри кезинде президент Садыр Жапаровду ынандырып, 2021-жылы Талас облусундагы Киров суу сактагычына "Бала-Саруу" чакан ГЭСин баштап салган эле. ГЭСти курууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 23 миллион долларга жакын каражат бөлүнгөн. ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватт болуп, бир жылда 92 миллион кВтсаат өндүрө алат. Бүгүнкү күндө башталган иш ташталбасын деп курулуш иштери жүрүп жатат.
 
Бирок, бул ГЭСке сарпталган каражат өзүн актайбы, электр энергиясына болгон таңсыктыкты жоюуда өлкөгө пайда келеби күмөндүү жагдайлар бар. Себеп дегенде, аталган ГЭС болгону жазгы, жайкы сугат иштери башталган учурда гана 3 ай иштейт. Калган учурда 9 ай Киров суу сактагычына суу толуш керек. Демек, ГЭСтин рентабелдүүлүгү жок. Өзүн актабайт.
 
Себеби, Киров суу сактагычы сугат иштерине ыңгайлашып курулгандыктан, күз-кыш иштебейт. Суу топтолуш керек. Болгону суугат маалында гана жаз мезгилинин ортосунан жай айынын ортосуна чейинки талаада сугат учурунда суу агызылганда гана электр алынат. Ага чейин токтойт. Анан бир жыл боюу ГЭСте иштеген кызматкерлердин айлыгына эле ГЭСтин 3 айлык өндүргөн электр энергиясынын каражаты кетет. Өмүр боюу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алган каражатты жаба албайт.
 
Андыктан, Доскул Бекмурзаев сыяктуу компетенсиз кадрлардын кеңешинин кесепетинен, ушундай ойлонулбаган долбоорго мамлекет миллиарддаган сом каражат сарптап, пайдасын көрбөй чыгым болуп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter