Бишкек шаарындагы суу таңсыктыгы жаралган маселеден улам, коомдук ишмер Карганбек Самаков төмөндөгү пикирин билдирди:
- Кыргызстандан жылына 55- млрд. метр/куб таза суу сыртка агып чыгат. Анын 7% гана элибиз колдонот. Андан сырткары жер астындагы таза суунун көлөмү 19 млрд. метр/кубту түзөт.
Бишкекти таза суу менен камсыз кылуу жаатында 2014-15 жылдары Швейцария мамлекети ЕБРР менен бирдикте 5,5 млн. эвро кредит жана 4,9 млн. евро грант берген эле.
Ал акчага: 16 суу скважина казылып, евростандарттагы 107 заманбап насостор келген эле. Ошого улай дагы Швейцария өкмөтү менен ЕБРР биргеликте 2016-жылы 8 млн. евро кредит, 8 млн. евро грант беришкен Бишкек шаарын таза суу менен толук камсыздоо максатында...
Резиденциянын үстүндөгү Орто-Алыш суу резервдеги дагы 35 скважина казылып, оңдолмок. Бул каражат Бишкек тургундарын кыжаалат кылбай, толук суу менен камсыздамак. Бүкүлү жеп кетишкен окшойт..?, - деп белгилеген…