У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ээси сабылып, уурдалган “Рендж Ровер” машинасы Жээнбековдун кудасы Алиярбектин прокурор иниси Алмаз Абжалиевден чыкты...


 Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү 4-апрелде алдын ала пландашып, Бишкектен Н.Б. аттуу ишкерге кол салышып, сабап, скочтоп таңып талаага таштап, “Рендж Ровер” машинасын күч менен тартып алышкан окуянын түйүнү Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин прокурор болуп иштеген иниси Алмаз Абжалиевге барып такалды.  
 
Окуяны иликтеген Ысык-Ата районунун оперлери уурдалган машинанын изин Оштон табышты. Болгондо дагы прокурор болуп иштеген Алмаз Абжалиев айдап жүргөн. Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин прокурор иниси менен уюшкан кылмыштуу топтун кандай байланышы бар? Оперлер прокурор Абжалиевди мыйзам жол бербейт деп камакка алып кармай алышпай калганы кандай? Абжалиев уурдалган машина айдап качып, Ош ШИИБге барганы да кызык... УКТ, прокурор Абжалиевдин, ИИМдин Ош шаардык милиция кызматкерлеринин ортосунда кандай байланыш бар? Күмөн жараткан жагдайлар көп. 
 
Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул окуяны өз көзөмөлүнө алууга тийиш. Мындай резонанс жараткан коомдогу талылуу кылмыштын бети ачылып жаткан соң, Курманкул Зулушев өз тармагын сыйласа, калыстыкты карманса, анда Алмаз Абжалиевди калкалабай, мыйзам алдында жазалоого мүмкүнчүлүк түзүш керек. Болбосо, балык башынан сасыйт деп шек кетет. Кимди-ким көрдү кылып, ишти жаап коюу мүмкүн эмес. 
 
Арийне, Сооронбай Жээнбеков президент кезинде кудасы Алиярбек Абжалиев адам тааныбай көптү эле. Алиярбектин баласы жогорку ылдамдык менен машинаны сүзүп, ичиндеги төрт адамды өлтүрүп салган кылмыш ишине бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек. Эми инисинин кылыгы бул? Булар мыйзамды уруп ойношпой дагы да өздөрү каалагандай кылмыш жасап, жоопкерчилик тартпай жүрө беришеби? Эмне өздөрүн кол тийгис ыйык сезишеби? 
 
Алмаз Абжалиев болсо бул иштерге тиешеси жоктугун, бирөөнүн суранычы боюнча машинаны өзүнө тиешелүү жайга токтотуп койгонун, окуяны укканда өзү Ош ШИИБге жеткирип бергенин айтып актанууда. 
 
 
Айтмакчы, үрөй учурган окуянын кандай болгонун "Aryba. kg" сайты кенен талдаган. Биз андагы маалыматтагы урунтуу жерлерин кыскача беребиз. 
 
3-апрелде Н.Б. аттуу жаран “Риом” автобазарына “Рендж Ровер” үлгүсүндөгү машинасын сатканы барат. Ал жерден өзүн “Жолдошбек” деп тааныштырган адам пайда болуп, “Рендж Роверди” айланчыктап, атасына сатып берерин айтып алдап, эртеси 4-апрелде жолгугушууну айтат. Эртеси Анкара-Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинен 19.00 чамасында кезигишип, анан аны талаага алып барып сабап, таңып башка машинага жүктөп, Рендж Ровер машинасын айдап кетишкен. 
 
Ал эми жабырлануучуну эртеси 5-апрелде түштөн кийин Ысык-Ата району менен Казакстандын чектешкен аймагына каналдын боюна жабырлануучуну алып келген окуяны мал жайып жүргөн жаран көрүп милицияга билдирип, 
көп өтпөй Ысык-Ата РИИБнин оперлери келе калышып, эки эркек, бир аялды колго түшүрүшөт. Балыкчы шаарынын тургуну – К.Н. (1998-ж.), Бишкек шаарынын жашоочулары – С.К. (1994-ж.) жана М.А. (1994-ж.) убактылуу кармоочу жайга киргизилген. КР кылмыш кодексинин “Адам урдоо” (145-берене), “Карактоо” (207-б.), “Коркунучта калтыруу” (144-б.) аракеттери менен айыпталышып, тергөө амалдары жүрүүдө.
 
Ал эми уурдалган “Рендж Ровер” машинасынын изи Оштон табылып,
“Нур заман” элиталык үйүнүн жертөлөөсүндө турганын аныкталып, ал жер байкоого алынгандан соң , анан машинаны прокурор Алмаз Абжалиев айдап оперлерден качып, Ош ШИИБге качып келип жатпайбы? Кызык бекен?..


Пикир калтыруу
Your  collection of the biggest web slots is a testament to your commitment to  gaming excellence.  สล็อตเว็บใหญ่  สุด
I appreciate products  that come with a guarantee against breakage.  สล็อตเว็บตรง  แตกง่าย
This is energizing, in any case it is imperative for you to visit this particular url:  เว็บรวมสล็อตทุกค่าย
Extremely decent blog and articles. I am realy extremely glad to visit your blog. Presently I am discovered which I really need. I check your blog regular and attempt to take in something from your blog. Much obliged to you and sitting tight for your new post.  เกมสล็อตโรม่า
Here you will realize what is vital, it gives you a connection to an intriguing site page:  Pokdeng
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter