У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат...


 Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.
 
Абиров мандатын тапшыруу боюнча арызын Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөн.
 
Ал Бишкектин Ленин районунун 11 813 шайлоочусунун добушуна ээ болуп, ЖКнын депутаты болгондуктан, бул чечимди кабыл алуу оңой болбогонун кошумчалады. Бирок Бишкектеги ресторандагы мушташтан кийин бул кызматта иштөөгө моралдык укугум жок деп эсептейт.
 
Кандай болгондо да мыйзамды сыйлап, өз калоосу менен мандатын тапшырып жатканы мактоого арзыйт. Бул анын жоопкерчиликти сезе билгенин айгинелейт десек болот. 
 
«Урматтуу кыргызстандыктар! 
Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. 
 
Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.
 
Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.
 
Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле.
 
Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм.
 
Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын.

Урматтоо менен,
Жаныбек Абиров», -деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter