У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат Жаныбек Абиров катышкан мушташ башталганга чейинки видео жарыяланды


 Депутат Жаныбек Абиров катышкан мушташ башталар алдындагы видео тарады. Кадрды  24.kg агенттиги жарыялады. 
 
Кадрдан коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин кирип келгенин жана өз ара сүйлөшүп жаткан үч адамдын жанына барып, алар менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Видеонун үнү жок болгондуктан алардын эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтууга мүмкүн эмес. Бирок кадрдан коопсуздук кызматкери менен эс алуучулардын ортосунда кайым айтышуу болгону байкалууда. 
 
Чууну ырбатпоо максатында ресторандын администратору коопсуздук кызматкерин сыртка чыгарууга аракет кылган. Бирок ал, ага баш ийбей кайра кайрылып барган. Мына ошол учурда депутат Жаныбек Абировдун келгенин кадрдан көрүүгө болот. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter