У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу боюнча токтом даярдалууда


 Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу боюнча токтом даярдап жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, бул чечим оң рулдуу унаа менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну билдирет.
 
Ошондой эле ал, эгер айдоочу токтомго баш ийбесе 3000 сом айып пул салуу коркунучу бар экенин белгиледи.
 
«Азыр өлкөдө баалар өсүп, баары кымбат болуп турган учурда бул токтомду киргизүү ашыкча болуп калат. Такси кызматы менен үй-бүлөсүн багып жаткандар кыйын абалга туш болот», - деди Д.Бекешев.
 
Эл өкүлү бул токтомду кабыл алууну 5 жылга жылдырууну сунуштады.
 
Мындан сырткары, Бекешев учурда Жогоку Кеңеште бул маселе боюнча токтом даярдалып жатканын, ал токтомдо оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүнө беш жылга чейин узартуу сунушу киргизилгенин кошумчалады. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter