У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖКнын дагы бир депутаты курулушта иштеген куруучуну сабаганы айтылды…


 Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абаддагы мейманканасынын курулушунда иштеген куруучуну сабады деп айыпталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.
 
Алардын айтымында, 9-март күнү Жалал-Абад ОИИБге арыз менен жергиликтүү тургун 1984-жылы туулган С.С. Ал Жалал-Абадда курулуп жаткан мейманкананын ээси Жеңишбек Токторбаев тарабынан сабалганын айткан.
 
Арыз ээси ооруканага жаткырылган, ур-токмокко алуу фактысы катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындаган. Бирок бүгүн, 13-мартта жабырлануучу тарап депутат Токторбаевге коюлган айыптан баш тартып, тосмо арыз жазып берген.
 
Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жабырлануучудан кечирим сураган эмес. Айрым маалыматтарга караганда, анын ордуна уулу жабырлануучудан кечирим сураган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter