Мэрия унааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүнү сунуштоодо
- 01.03.2023, 11:13,
- Башкы / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек мэриясы автоунааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүнү кайра киргизүүнү сунуштап жатканын мэр Эмилбек Абдыкадыров 1-марттагы маалымат жыйынында билдирди.
«Убагында бир саясатчы техникалык кароону жокко чыгарган. Биз аны кайра ишке ашырууну сунуштайбыз, бирок бекер. Эмне үчүн бекер? Коррупцияга жол бербөө үчүн», - деди ал.
Мэрдин айтымында, такси кызматтары жана башка унаалар коопсуздук үчүн техникалык кароодон өтүшү керек.