У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Дубайдан мурда Бишкекте Жээнбеков менен Атамбаев экөө элдешип, бири-бирин кечиришкен»


Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстандын мурдагы өлкө башчылары менен Дубайда болгон жогулушуу тууралуу суроолорго жооп берди.

— Түз эле суроолорубузга өтө берсек. Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду? Жалпы элге абдан кызыктуу жана табышмактуу болуп турат. Бардыгын бир жерге чогултуу оор болдубу? Макул көрсөңүз толук айтып берсеңиз. Кандай тосуп алдыңыз? Алар кандай келишти? Кайсы темада сөздөр болду? Кандай узап кетишти дегендей?

— Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти.

Мен сөз баштадым: "Урматтуулар, негизги сөзгө өтөөрдөн мурда, сиздерге бир нерсени айтып коеюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле "Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды" деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду.

Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла", - дедим. - Албетте жок дешти. Кыскасын айтсам, "ушул жерде олтурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок.

Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар.

Силерди чогулткан себебим бирөө эле - ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен.

Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл “баланчаевчи, түкүнчөевчи” болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле бир эле кыргызстандык бололу. Көрүп турасыздар, дүйнөдө акыбал начар болуп турат. Кыргызстан эми гана бутубузга туруп келатабыз. Былтыр экономикабызда жакшы жылыштар болду. Быйыл андан да жакшы болот. Эмдиги жылы андан беш бетер болот. Кылымдын долбоору болгон темир жол, ири ГЭСтерди куруу иштерин баштадык. Ушундай ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек. Ошондо Кыргызстандын келечеги кең болот. Күчтүү мамлекет болобуз, Кудай буюрса", - дедим.

Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, “ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели” деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter