У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энергетика министрлиги тарифти көтөрүүнү 1-июндан 1-майга жылдырууну сунуштоодо


 14-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30- сентябрындагы №192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.
 
Документтин азыркы редакциясында инфляцияны эске алуу менен тарифтерди жыл сайын жогорулатуу каралган. Бирок 2022-жылы калк үчүн тарифтер 2015-жылдан бери колдонулуп келе жаткан 1 кВт/саат үчүн 77 тыйын деңгээлинде сакталып калган.
 
Энергетика министрлиги 2023-жылы тарифтерди көтөрүүнү 1-июндан 1-майга жылдырууну сунуштоодо.
 
Калк үчүн тариф 77 тыйындан 1 сом/кВт саатка чейин же 29,9%га көтөрүлөт.
 
Ошондой эле, буга чейин 77 тыйындык тарифте айына 700 кВт сааттык чек берилген болсо, энергетика министрлиги 1 сом/кВт саатка чейинки чекти 1500 кВт саатка чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Босогодон ашып кетсе, учурдагы 2,16 сом/кВт/саат тариф колдонулат.
 
Министрлик жогорулатуунун май айына жылдырылышын Дүйнөлүк банктан гранттык каражаттарды алуу зарылчылыгы менен түшүндүрдү. Келишимде 50 миллион доллар бөлүү каралып, анын 25 миллион доллары грант катары бөлүнөт.
 
16 жашка чейинки балдары бар, ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн тарифти 1500 кВт саатка чейин керектөө менен 50 тыйын/кВт саат өлчөмүндө сактоо сунушталууда.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter