18-январдын кечинде Жогорку Кеңеш жыйынын жабык эшик артында иш кагаздарын жүргүзүүнүн ички маселелерин талкуулап, ошондой эле Ак үйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөлөрүн бөлүштүрүү маселесин чечишкени айтылууда.
Жыйында депутаттарды кабинет менен камсыз кылууга тиешелүү токтом кабыл алынган.
Ага ылайык, ЖК имаратынын 7-кабатынан спикерге, үч вице-спикерге, 6 фракциянын лидерлерине жана эки депутаттык топко иш бөлмөлөрү берилгени чечилди.
Тизме:
- Төрага Нурланбек Шакиев,
- Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев,
- Вице-спикер Жамиля Исаева,
- вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев,
- “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков,
- "Ишеним" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов,
- "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев,
- "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев,
- “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров,
- "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков,
- "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев,
- Акылбек Туманбаев, “Элдик” депутаттык тобунун лидери.