У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурбек Сыдыгалиев: "Парламент тарасын, мен биринчи мандатымды тапшырайын"


Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев парламент такыр иштей албай калганын айтып, тарап кетүү маселесин көтөрдү. 

Бул жагдай Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүү маселесинен улам жаралды. Башкача айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бир нече депутаты каттоодон өтүп, бирок добуш бербей коюшканынан талаш чыкты. 

Буга байланыштуу Нурбек Сыдыгалиев: “Каршы же макул деген добушуңарды бергиле да. Биз иштей албай калдык окшойт, анда тарап кетели. Мен биринчи мандатымды тапшырайын. Иштесек бири-бирибизди түшүнүп иш кылалы”, - деди.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров долбоорго каршы чыгып, аны “ууруларды мыйзамдаштырууга багытталган” демилге деп атаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун ишке ашыруу менен көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүүнү максат кылаарын айтууда. 

Жогорку Кеӊештин депутаты Исхак Масалиев: “Талкуу болуп жатканда өкмөттүн башчысы бул мыйзамга коррупционерлерге тиешеси жок деп айткан болчу. Мыйзамды карап чыкса, бардык кылмыш туш келет экен. Бардык кылмыш кечирилет экен. Буга барбашыбыз керек. Ошол себептеп добуш бербейм”, - деп каршылыгын айтты. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter